Өзбекстан Орусиянын ордуна араб өлкөлөрүнө жумушчу күчүн экспорттойт

Фергана облусунун (Өзбекстан) губернатору Хайрулло Бозоровдун Жидда жолугушуусунун алкагында жетишилген макулдашууга ылайык Сауд Арабиясы Өзбекстандан 100 миң жумушчу кабыл алат.

2136939
Өзбекстан Орусиянын ордуна араб өлкөлөрүнө жумушчу күчүн экспорттойт

Борбор Азия республикаларынын жарандары Орусиянын аэропортторунда жана жер бажыларында күтүлүп жатканы тууралуу кабарлар кеңири тарап жаткан чакта, Өзбекстан араб өлкөлөрүнө жумушчу күчүн экспорттоону көбөйтүүгө аракет кылууда.

Фергана облусунун (Өзбекстан) губернатору Хайрулло Бозоровдун Жидда жолугушуусунун алкагында жетишилген макулдашууга ылайык Сауд Арабиясы Өзбекстандан 100 миң жумушчу кабыл алат.

Ферганадан келген делегация Сауд Арабиясында жашаган өзбек тектүү ийгиликтүү ишкерлер менен жолугушууларды өткөрдү. Сауд Арабиянын Vision Ambassadors компаниясы Ферганада канаттууларды өстүрүү тармагындагы долбоорду ишке ашырууну пландоодо. Өзбекстандын «Sodiq At-Tijoriya» компаниясы Сауд Арабиясы менен текстиль тармагында кызматташууга даяр.

Хайрулло Бозоров ошондой эле «Bahra Electrics» компаниясынын өкүлдөрү менен Өзбекстанда жезди кайра иштетүүчү жана электр кабелин өндүрүүчү ишкана түзүү маселесин талкуулады. Ахмад Аль-Хутами менен болгон жолугушууларда Өзбекстанда араб курстарын ачуу, түрдүү кесипке үйрөтүү, Өзбекстандын жарандарын Сауд Арабиясында туруктуу иш менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Январь айында Өзбекстан Катар менен ушундай эле эмгек келишимине кол койгон.

Эмгек мигранттарынын өз өлкөлөрүнө жөнөткөн акчалары Өзбекстандын экономикасынын маанилүү бөлүгүн түзөт. 2022-жылы бул киреше 16,7 миллиард долларга жетип, ИДПнын 21 пайызына барабар. 2023-жылы төмөндөгөнүнө карабастан, которуунун көлөмү олуттуу бойдон калууда.

Президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен Тышкы эмгек миграциясы боюнча департаменттин ыйгарым укуктары кеңейтилди. Эмгек миграциясын туура башкаруу максатында Улуу Британия, БАЭ, Венгрия, Германия, Латвия, Польша жана Япония сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн Өзбекстандагы элчиликтерине атташелер орнотулат.



Тектеш кабарлар