Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Казакстанда жолугушат
Бул тууралуу Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде X социалдык медиа платформасында жасаган билдирүүсүндө айтты.
Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян өлкөлөрүнүн ортосунда уланып жаткан тынчтык келишими сүйлөшүүлөрүнүн алкагында 10-майда Казакстандын Алматы шаарында жолугушат.
Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажызаде X социалдык медиа платформасында жасаган билдирүүсүндө: «Мурда жетишилген макулдашууга ылайык, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзояндын ортосунда 2024-жылдын 10-майында Алматыда жолугушуулар өткөрүлөт»,-деп айтты.
Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев 1-майда Азербайжан менен Армениянын ортосунда тынчтык келишиминин даярдалышы боюнча тараптардын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүн өз өлкөсүндө өткөрүү боюнча жетишилген макулдашууну кубаттай турганын билдирди.
Токаев 15-апрелде Армениянын борбору Ереванга жасаган расмий сапары учурунда Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык келишимин колдой тургандыктарын жана бул маселе боюнча жакшы ниет миссиясын алууга даяр экендиктерин билдирди.