Кыргыз түрктөрүнүн Гөлбашы муниципалитетине сапары

Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коомунун Гөлбашыдагы өкүлү Мошал Гүвен жана аны коштогон делегация Анкаранын Гөлбашы муниципалитетинин башчысы Якуп Одабашы менен жолугушууга барды.

2135441
Кыргыз түрктөрүнүн Гөлбашы муниципалитетине сапары
Kırgız Türkleri Gölbaşı 3.jpg
Kırgız Türkleri Gölbaşı 2.jpg

 

Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коомунун Гөлбашыдагы өкүлү Мошал Гүвен жана аны коштогон делегация Анкаранын Гөлбашы муниципалитетинин башчысы Якуп Одабашы менен Гөлбашы муниципалитетинин кеңешинин мүчөсү Арзу Дервишоглуна куттуктоо сапары менен барышты.

Муниципалитеттин башчысы Одабашы: «Келгениңиз үчүн рахмат. Биз абдан ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырабыз деп ишенебиз. Бардык кыргыз боордошторубузга салам жолдойм»,-деп өзүнүн сезимдерин билдирди.

Коомубуздун төрага орун басары Мошал Гүвен: «Урматтуу муниципалитет башчыбызга жана анын командасына ийгиликтерди каалайбыз. Муниципалитет башчыбыз Якуп Одабашы мырзаны 2024-жылдын 22-25-июнунда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтө турган Алтын томпой - Ордо ашык (чүкө) оюнунун мелдештерине  чакырабыз. Мүмкүн болсо 3-Алтын томпой - Ордо ашык оюнунун мелдештери 2025-жылы Гөлбашы районунда өткөрүлөт. Бул атайын программага даярдыктарыбыз башталды. Кабыл алганы үчүн урматтуу президентибизге ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтты.

Жолугушуунун соңунда мэр Якуп Одабашыга колго жасалган кийиз шырдак тапшырылып, эстелик сүрөткө түшкөндөн кийин иш сапар программасы аяктады.



Тектеш кабарлар