Сузак районундагы кырсыкта 29 бала жаракат алды
Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка карганда кырсыкта 9 - 16 жаштардагы 29 бала жаракат алды. Жаралуулардын үчөөсүнүн абалынын оор экендиги белгиленди.
2134913
Жалал - Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Жерге - Тал айылында уюштурулган манас айтуу иш - чарасында токтоп турган жүк ташуучу унаа белгисиз себептен улам ылдый көздөй жүргөн. Жүк ташуучу унаа иш - чарага катышкандардын арасына кирди.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка карганда кырсыкта 9 - 16 жаштардагы 29 бала жаракат алды. Жаралуулардын үчөөсүнүн абалынын оор экендиги белгиленди.
Жүк ташууучу унаанын айдоочусу камакка алынды.
Айдоочу полицияга берген биринчи түшүндүрмөсүндө иш - чарага бал муздак алып баргандыгын, токтоткон унаанын белгисиз бир себеп менен жүрүп кеткендигин айтты.