Алиев-Блинкен-Пашинян сүйлөшүүсү

АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүнө караганда, Блинкен 1991-жылы кол коюлган Алматы декларациясынын Азербайжан менен Армениянын чек араларын аныктоо үчүн колдонулушуна карата келишимди кубаттады.

2133269
Алиев-Блинкен-Пашинян сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжан менен Армениянын ортосунда жетишилген келишимди колдогондорун билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн ортосундагы тынчтык процессин талкуулады.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, Блинкен 1991-жылы кол коюлган Алматы декларациясынын Азербайжан менен Армениянын чек араларын аныктоо үчүн колдонулушуна карата келишимди кубаттады.

Блинкен лидерлер менен Азербайжан жана Армениянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн талкуулап жатып, АКШнын Баку менен Ереван администрацияларынын ортосунда туруктуу тынчтыктын орношуна колдоосун билдирди.

Алиев менен сүйлөшүүсүндө Энтони Блинкен АКШ менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү каалаганын да баса белгиледи.

Блинкен АКШнын Азербайжан менен энергетика, климат жана байланыш максаттарында кызматташуу каалоосуна көңүл буруп, быйыл Азербайжанда өткөрүлө турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын (COP29) 29-Тараптар Конференциясынын ийгиликтүү аякташын каалады.  

Блинкен Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө болсо АКШнын Армениянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганын кайталады.

Азербайжандын Президенттигинен берилген маалыматта да, Блинкендин Армения менен Азербайжандын ортосундагы чек араларды аныктоо боюнча жетишилген келишимден улам президент Алиевге куттуктоосун жеткиргени жана мунун АКШ тарабынан колдоого алынганын баса белгилегени айтылган.

Алиев сүйлөшүүдө эки өлкөнүн чек араларды аныктоо комиссиясы жетишкен макулдашуунун диалог жана өз ара түшүнүшүү менен өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы экенин маалымдады. Чек араны аныктоо иштеринин башталышынын оң кадам болгонун билдиген Алиев, Азербайжандын тынчтыкты сактоодогу чечкиндүүлүгүнө да басым жасаган.  

Сүйлөшүүдө ошондой эле эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, адам укуктары, энергетика, климат жана (2024-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясы) COP29 тармагындагы кызматташуу темалары талкууланды.



Тектеш кабарлар