Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 10,7 чакырымдык тилкеси боюнча келишим түзүлдү
Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, 12-17-мартта Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында чек араны аныктоочу комиссиялардын жыйыны болуп өттү.
2116620
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаштуу 10,7 чакырым чек ара тилкеси боюнча келишим түзүлдү.
Кыргыз Өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, 12-17-мартта Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында чек араны аныктоочу комиссиялардын жыйыны болуп өттү.
Жумушчу топтор тил табышып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 10,7 чакырымы боюнча протоколго кол коюшту.
Кийинки жолугушуу Кыргызстанда өтөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы 970 чакырымдай чек аранын 503 чакырымында талаш-тартыш болгон.