Алиев Ханкендиде Нооруз отун жандырды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабах аймагынын эң чоң шаары Ханкендиде Нооруз оту жагылгандан кийин элге кайрылуу жасады.

2116989
Алиев Ханкендиде Нооруз отун жандырды

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Ханкендиде Нооруз отун жандырды.

Алиев Карабах аймагынын эң чоң шаары Ханкендиде Нооруз оту жагылгандан кийин элге кайрылуу жасады.

Азербайджан элин Нооруз майрамы менен куттуктаган Алиев 4 жылдан бери баскынчылыктан бошотулган аймактарда Нооруз отун жактырып жатканын жана мунун чоң бакыт экенин айтты.

Алиев 6 ай мурда жүргүзүлгөн жана 24 сааттан аз убакытка созулган антитеррордук операциянын натыйжасында Азербайжандын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигинин толук камсыздалганын эске салды.

Баскынчылыктан бошоткон аймактарда курулуш жана кайра жаралуу иштерин жүргүзүшкөнүн, адамдардын ата-бабаларына кайтып келе баштаганын белгилеген Алиев: «Антитеррордук операция менен Армениянын артында кандай күч турса дагы, биз өзүбүздүн жолубуздан кайтпай турганыбызды жана каалаган нерсебизге жетээрибизди дагы бир жолу көрсөттүк жана ийгиликке жеттик»,- деди.

Алиев жерлерди басып алуудан куткаруу үчүн жылдар бою иштеп, даярданышкандарын жана бул процессте экономикалык көз карандысыздыкка жетишкендерин баса белгилеп: «Бүгүнкү күндө Азербайжан саясаты толугу менен көз карандысыз жана азербайжан элинин кызыкчылыгына жана эркине гана негизделген дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү мамлекеттердин бири болуп саналат»,-деди.

Басып алуу мезгилинде армияны күчтөндүрүп, улуттук рух менен жаштарды тарбиялаганын айткан Алиев: «Биз аймактык бүтүндүгүбүздү жана эгемендүүлүгүбүздү камсыздап, эл аралык мыйзамдарды аткарып, улуттук ар-намысыбызды кайтарып алдык. Бүгүн биз эркин эл катары жашап, кайра куруп жатабыз жана бул жерлерде түбөлүк жашайбыз»,-деп айтты.

Азербайжан элинин майрамын Ханкендиде белгилөө чоң кубаныч экенин баса белгилеген Алиев сөздөрүн: «Биз баарыбыз 2-Карабах согушунан кийин сыймыктануу менен жашап жатабыз. Биз баарыбыз адилеттикти калыбына келтирип, жерибизди баскынчылардан сактап, күчүбүздү көрсөткөнүбүзгө сыймыктанабыз. Мындан ары ар бир адам бизди эске алышы керек, антпесе өздөрү өкүнүп калышат»,-деп бүтүрдү.



Тектеш кабарлар