Түрк дүйнөсүнүн кинорежиссёрлор ассоциациясы түзүлдү

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте өткөрүлгөн аземде Түрк дүйнөсү кинорежиссёрлор ассоциациясынын (TURKFILM) түзүлүшүнө байланыштуу жакшы ниет декларациясына кол коюлду.

2081269
Түрк дүйнөсүнүн кинорежиссёрлор ассоциациясы түзүлдү

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте өткөрүлгөн аземде Түрк дүйнөсү кинорежиссёрлор ассоциациясынын (TURKFILM) түзүлүшүнө байланыштуу жакшы ниет декларациясына кол коюлду.

Ташкентте Эл аралык Түрк Маданияты Уюму ТҮРКСОЙ уюштурган жыйынга Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана ТҮРКСОЙдон жетекчилер катышты. 

Жыйында түрк кино тармагынын кызыкдар тараптары муктаж болгон темаларда жардам берүү, түрк дүйнөсүнүн бай маданий мурасын чагылдырган жана түрк калктарынын биримдиги менен боордоштукту бекемдеген чыгармалардын чыгарылышын колдоо,  кино тармагындагы тажрыйба  алмашуу, түрк дүйнөсүнүн социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу максатында Түрк дүйнөсү кино режиссерлорунун ассоциациясынын түзүлүшү тууралуу жакшы ниет декларациясына кол коюлду.

Катышуучулар бир добуштан Өзбекстандын Маданият министрлигинин Кино агенттигинин төрагасы Фирдевс Абдухаликовго TÜRKFİLMдин 1 - Башкы ассамблеясынын жыйынына даярдык иштерин жүргүзүү жана тараптардын координациясын камсыздоо боюнча ыйгарым укуктарды беришти.

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев жыйынга жиберген билдирүүсүндө түзүлүшүнөн улам TÜRKFİLMди куттуктады жана ийгилик каалады. 

Раев TÜRKFİLMдин мүчө өлкөлөрдүн арасында кино тармагында өз ара кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө салым кошоорун жана бай түрк маданиятын кеңири аудиторияга жеткирүүгө жардам берерин белгиледи.

 



Тектеш кабарлар