Алиев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкер көрсөтүлөт

Азербайжандын президенти Алиев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2024-жылдын 7-февралында өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

2075486
Алиев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкер көрсөтүлөт

Жаңы Азербайжан партиясынын төрагасынын орун басары Тахир Будагов, 2024-жылдын 7-февралында боло турган мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиевди талапкер көрсөтө тургандарын жарыялады.

Будагов Жаңы Азербайжан партиясынын Башкаруу кеңешинин жакында чогула турганын жана төрага Алиевди президенттик шайлоо үчүн талапкер көрсөтө турганын билдирди.

Азербайжандын президенти Алиев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону 2024-жылдын 7-февралында өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Президенттик шайлоо 7 жылда бир өткөрүлгөн Азербайжанда акыркы шайлоо 2018-жылдын 11-апрелинде болгон.



Тектеш кабарлар