ТҮРКСОЙ сыйлыктары ээлерине тапшырылды

Сыйлыктар ээлерине 2023-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Шуша иш-чараларынын жабылыш программасынын алкагында тапшырылды.

2074968
ТҮРКСОЙ сыйлыктары ээлерине тапшырылды

Түрк маданияты эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) 2023-жылдагы «Басма сөз сыйлыктары» Азербайжандын Шуша шаарында өткөн иш-чарада ээлерин тапты.

Сыйлыктар ээлерине 2023-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Шуша иш-чараларынын жабылыш программасынын алкагында тапшырылды.

Салтанатта Азербайжандан Медиа өнүктүрүү агенттиги жана «Адабият жана искусство» маалымат порталы, Казакстандан «Айгын» гезитинин башкы редактору Амангелди Курмет жана «Хабар 24» телеканалынын кызматкери Мерюерт Памбетова, Кыргызстандан Улуттук телерадиокорпорациянын жетекчиси Болотбек Тиллебаев жана AKİPress маалымат агенттиги башкы редактору Алина Сагынбаева сыйлык алды.

Өзбекстандан «Медениет» гезитинин башкы редактору Дилбахор Худайбердиева жана «Өзбекстан 24» телеканалынын директорунун орун басары Шункор Чориевге, Түндүк Кипр Түрк Республикасынан Түрк агенттиги Кипр (TAK) менеджери Фехми Гүрдаллыга, Түндүк Македониядан Time Balkan башкы редактору Сеййид Эминге, Молдованын Гагауз автономиялуу аймагынан Гагауз жазуучулар союзу журналынын башкы редактору Константин Куртоглу менен телепрограмманын продюсери Алёна Терзиге жана Түркмөнстан Телерадио жана кино мамлекеттик комитетине сыйлыктар берилди.

Түркиядан келген изилдөөчү жана жазуучу Проф.Д-р. Месут Хаккы Жашын, программанын продюсери жана алып баруучусу Пелин Чифт, продюсер жана алып баруучу Эсра Гезгинжи ТҮРКСОЙдун басма сөз сыйлыктарына татыктуу деп табылды.

Жашын аземден кийинки билдирүүсүндө Карабахтын символу болгон Шушада болуудан ыраазы болгонун айтты.

Азербайжандын жеринин бүтүндүгүн камсыздаганы үчүн куттуктаган Жашын: «Сыйлыгымды баатыр шейиттерге тапшырам»,-деди.



Тектеш кабарлар