Алиев: «Газадагы чыңалуу мүмкүн болушунча тез арада жоюлат деп үмүттөнөбүз»

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Палестина мамлекетинин түзүлгөн күнүнө байланыштуу Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббаска билдирүү жөнөттү.

2064872
Алиев: «Газадагы чыңалуу мүмкүн болушунча тез арада жоюлат деп үмүттөнөбүз»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Газадагы чыңалуунун мүмкүн болушунча тезирээк чечилишине үмүттөнүшкөндөрүн белгилеп, Палестина маселесинин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тиешелүү чечимдерине ылайык эки мамлекеттүүлүк принцибинин негизинде чечилишин жактай тургандыктарын баса белгиледи.

Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Палестина мамлекетинин түзүлгөн күнүнө байланыштуу Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббаска билдирүү жөнөттү.

Алиев өз билдирүүсүндө Аббасты жана Палестина элин өзүнүн жана Азербайжан элинин атынан куттуктады.

Палестинада Азербайжан өкүлчүлүгүнүн ачылышынын эки тараптуу карым – катнаштардын өнүгүүсү үчүн оң кадам болгонун баса белгилеген Алиев, Азербайжандын Палестинада мектеп куруу темасынын да күн тартибинде экенин билдирди.

Бул тууралуу Азербайжандын президенти Алиев өз кайрылуусунда: «Газадагы чыңалуу мүмкүн болушунча тезирээк чечилет деп үмүттөнөбүз. Азербайжан Палестина маселеси менен ар дайым тилектеш болуп келген жана бул маселенин БУУнун тиешелүү резолюцияларына ылайык, эки мамлекет принцибинин негизинде чечилишин колдойт. Азербайжан БУУнун Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам жана коомдук иштер боюнча агенттигин мындан ары да колдоого алат»,-деп айтты.

Азербайжан менен Палестина ортосундагы достук карым-катнаштардын жана кызматташтыктын мындан ары ийгиликтүү өнүгө турганына ишенгенин баса белгилеген Алиев: «Боордош Палестина элине тынчтык жана бейпилдик каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар