Өзбекстандын президенти Мирзиёев чакырык салды
Түрк Мамлекеттер Уюмунун 10-саммити өтүүдө.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү зарылчылыгы боюнча принципиалдуу позициясын жарыялоосу керектигин билдирди.
Казакстандын борбору Астанада Түрк Мамлекеттер Уюмунун 10-саммити өтүүдө. Саммитте сөз сүйлөгөн Мирзиёев: «Палестина элинин көз карандысыз мамлекет курууга укугу бар. Биз уюмубуздун алкагында бул маселе боюнча принципиалдуу позициябызды бүткүл дүйнөгө жарыялоого тийишпиз»,- деди.
7-октябрдан бери уланып жаткан Палестина-Израиль кагылышуусунун өтө коркунучтуу кесепетинин, өзгөчө кары-картаңдар, аялдар жана балдар менен бирге карапайым калктын арасында өлүм жана жарадар болгондордун санынын кескин өсүшүнө алып келгенин айткан Мирзиёев: «Ушул алкакта тараптарды согуштук аракеттерди дароо токтотууга жана гуманитардык максатта ок атышууну токтотууга чакырабыз», - деди.
Мирзиёев өз сөзүндө: «Бул маселеге карата эң адилеттүү чечим, Бириккен Улуттар Уюмунун резолюцияларында аныкталгандай эки калк үчүн эки мамлекет принцибинин негизинде кабыл алынууга тийиш»,- деп билдирди.