Министр Фидан Казакстанда

Президент Токаев, борбор шаар Астанага барган Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды.

2035888
Министр Фидан Казакстанда

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев, борбор шаар Астанада расмий жолугушууларды өткөргөн Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фиданды кабыл алды.

Казакстандын Президенттигинен берилген маалыматка караганда Токаев, тышкы иштер министри катары биринчи жолу Астанага расмий сапар жасаган Хакан Фидан менен жолугушту.

Президенттиктин Акорда сарайында өткөн жолугушууда Токаев министр Фиданга жаңы кызматында ийгиликтерди каалап, казак-түрк мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө чоң салым кошоруна ишенгенин билдирди.

Токаев быйыл Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгы жана мунун боордош өлкө үчүн тарыхый бурулуш чекити болгонун айтып, мындай деди:

«Анадолу саясий, социалдык жана экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда чоң ийгиликтерге жетишти. Аймактык жана глобалдык маселелерди чечүүдө жигердүү жана таасирдүү роль алып, дүйнөдөгү кадыр-барктуу мамлекетке айланды. Түркиянын жүз жылдык мааракесине байланыштуу Астанадагы көчөлөрдүн бирине Анадолу деген ысымды ыйгаруу буйругун бердим».

Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушууларында жогорку деңгээлдеги келишимдерге кол коюлганын эске салган Токаев, Түркиянын Казакстан үчүн абдан маанилүү стратегиялык өнөктөш экенине басым жасады.

Тышкы иштер министри Фидан да президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын жеткирип, эки өлкөнүн кызматташтыгын, мунун менен бирге аймактык жана эл аралык аренадагы потенциалды дагы да жогорку деңгээлге көтөрүүнү максат кылгандарын айтты.

Фидан президент Эрдогандын үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Казакстанда өткөрүлө турган Түрк Мамлекеттери Уюмунун мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында эки тараптуу стратегиялык карым-катнаштарды дагы кеңири талкуулоону пландаганын билдирди.

Ал арада Фидан Астанага иш сапарынын алкагында Түрк инвестициялык фондунун жетекчиси Багдад Амреевди кабыл алды.

Хакан Фидан Казакстандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мурат Нуртлеунин коногу катары Казакстанга барып, өлкөгө жасаган расмий сапарынын алкагында алгач Нуртлеу менен жолугушту.

Эки министр аймактык маселелер жана соода-экономикалык жагдайлардан тышкары эл аралык кызматташуу темаларын талкуулашты.



Тектеш кабарлар