Кыргызстанда түрк дарыгерлери бөйрөк алмаштыруу операциясын жасашты

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан борбор калаа Бишкекте курулуп, жабдылган Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасында түрк дарыгерлери тарабынан өлкөдө биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды.

2031008
Кыргызстанда түрк дарыгерлери бөйрөк алмаштыруу операциясын жасашты
caparov Turk hekimler.jpg
kirgizistan ilk bobrek nakli ameliyati.jpg

Кыргызстанда түрк дарыгерлери биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясын жасашты.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги тарабынан борбор калаа Бишкекте курулуп жабдылган Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасында түрк дарыгерлери тарабынан өлкөдө биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды.

Президенттиктин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, президент Садыр Жапаров операция жасалган ооруканага барды.

Түркиядан келген дарыгерлердин көмөгү менен Кыргызстандын дарыгерлери практикалык тажрыйбага ээ болуп, бөйрөк алмаштыруу операцияларын өз алдынча жасай баштаары айтылды.

Оорукана жетекчилиги өлкөдө биринчи жолу жасалган бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн билдирди.

Президент Жапаров бөлмөлөрүнө чейин барып көргөн бейтаптардын тез сакайып кетишин каалап, бейтаптардын ден-соолугу жана ооруканадагы абалы тууралуу маалымат алды.

Жарандардын мындан ары өтө маанилүү жана кымбат баалуу операциялар үчүн чет өлкөгө чыгууга муктаж болбой турганын белгилеген Жапаров, өлкөдө бөйрөк оорусунан жабыркаган 2600 оорулуу бар экенин жана диализ үчүн жылына бюджеттен жалпы 2 миллиард 500 миллион сом (28 миллион долларга жакын) бөлүнөрүн айтты. 

Оорукананын жыйындар залында түрк дарыгерлери менен жолугушкан Жапаров Түркиянын Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн өзүнүн жана Кыргызстандын элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Президент Жапаров түрк дарыгерлеринин Кыргызстандагы бардык өтүнүчтөрүн аткарууга жана алардын өлкөдө ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Жапаров Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тышкы байланыштар жана Европа Биримдиги боюнча башкы директору, доктор Селами Кылычка жана Түркиянын Тез жардам кызматтары жана чет өлкөлөрдөгү саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн башчысы Мустафа Ташкынга Кыргызстанда саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана медициналык кадрларды даярдоого кошкон чоң салымдары үчүн Ардак грамоталарды тапшырды. 



Тектеш кабарлар