Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ант берип кызматын баштады

Ант берүү аземинен кийин сөз сүйлөгөн Мирзиёев кайра шайланганы үчүн элге ыраазычылык билдирди.

2011491
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ант берип кызматын баштады
Sevket Mirziyoyev1.jpg
Sevket Mirziyoyev.jpg

Өзбекстанда 9 - июлда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Шавкат т Мирзиёев ант берип, кызматын баштады.

Өзбекстан парламентинин төмөнкү палатасы, Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Сенаттын жогорку палатасы тарабынан өткөрүлгөн биргелешкен жалпы жыйында Мирзиёев үчүн салтанаттуу азем өткөрүлдү.

Ант берүү аземинен кийин сөз сүйлөгөн Мирзиёев кайра шайланганы үчүн элге ыраазычылык билдирди.

Мирзиёев кайра президент болуп шайланышын өлкөдө  адам укуктары жана эркиндиктерин, элдин кызыкчылыгына карата  багытталган саясатына берилген баа катары кабыл ала  тургандыгын билдирди.

Мирзиёев алдыдагы мезгилдин  Өзбекстан үчүн саясий, экономикалык-социалдык, маданий-гуманитардык тармактарда радикалдуу жана чоң өзгөрүүлөрдүн мезгили болорун белгиледи.

Алдыбыздагы 7 жылда иштелип чыккан стратегиялык максаттарга жетүү үчүн бардык күч жана мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин жана баштаган реформаларды чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын билдирген Мирзиёев : «Канчалык кыйын жана оор болсо да,  эч качан тандаган жолдон кайтпайбыз",- деди. 

Аймак өлкөлөрү менен жакын достук, жакшы коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин бекемдей тургандарын, бардык өлкөлөр менен өз ара пайдалуу жана көп тараптуу карым-катнаштарды өнүктүрүүгө маани бере тургандарын баса белгилеген Мирзиёев, ар кандай жардамдарды бере тургандарын айтты. Коңшу Афганистанда  бейпилдик турмушту калыбына келтирүү үчүн афган элине жана бул өлкөдө ири транспорттук жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

 



Тектеш кабарлар