Казакстандагы токой өрттөн каза болгондордун саны 15ке жетти

Облустук милициянын билдирүүсүндө, 10-июнда жоголгон токой кызматкери Сергей Архиповдун жансыз денеси табылганы маалымдалды.

1999228
Казакстандагы токой өрттөн каза болгондордун саны 15ке жетти

Казакстанда 8-июнда өлкөнүн чыгышындагы Абай облусунда чыккан токой өрттөн каза болгондордун саны 15ке жетти.

Облустук милициянын билдирүүсүндө, 10-июнда жоголгон токой кызматкери Сергей Архиповдун жансыз денеси табылганы маалымдалды.

Буга чейин сөз болуп жаткан жумушчу трактору менен өрт өчүрүү иштерине чыкканы айтылган, бирок аны менен байланыш үзүлгөн.

8-июнда Казакстандын чыгышындагы Абай облусуна караштуу Семей токоюнда өрт чыгып, өрткө биринчи чара көргөндөр делген 14 токой кызматкеринин каза болгону белгилүү болду.

Өлкөдө 12-июнда каза болгон токой кызматкерлерине «Улуттук аза күтүү» жарыяланды.

Бул арада Ички иштер министри Марат Ахметжанов, министрлер кеңешинин жумалык жыйынында өчүрүү иштери уланып жаткан токой өртүнүн себеби боюнча жүргүзүлгөн иликтөө тууралуу маалымат берди.

Атайын прокурорлор жүргүзгөн иликтөөгө коопсуздук күчтөрүнүн адистеринин да катышканын белгилеген Ахметжанов: «Өрт коюу боюнча шектенүү бар. Тергөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары себептердин арасында шалаакылык жана чагылган тийгени да бар. Тергөө иштерин жүргүзүүгө 2 ай убакыт берилди»,-деди.

Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Роман Скляр да өрт чыккан күнү өлкөдө Астана эл аралык форуму өткөнүн жана алгач өрттүн көлөмүнө өтө маани берилбегенин билдирди.

Скляр кошумчалагандай, ошондуктан Башкы прокуратура тарабынан атайын иликтөө иштери жүрүп, шалаакылык кылгандар ушул алкакта аныкталат.

Абай облусунун губернаторунун орун басары Дмитрий Гариков Семей токоюндагы өрт эки жолу чагылган түшкөнүнөн улам чыкканын билдирди.



Тектеш кабарлар