Кубанычбек Өмүралиев жаңы министрлерди куттуктады

Өз катында Өмүралиев 28-майдагы Президенттик шайлоодон кийин жарыяланган жаңы Президенттик кабинеттин ишине ийгиликтерди каалады.

1996383
Кубанычбек Өмүралиев жаңы министрлерди куттуктады

Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев Президенттик кабинеттеги министрлерге куттуктоо катын жолдоду.

Өз катында Өмүралиев 28-майдагы Президенттик шайлоодон кийин жарыяланган жаңы Президенттик кабинеттин ишине ийгиликтерди каалады.

Түркиянын бүгүнкү күнгө чейин бул уюм жана боордош Түрк мамлекеттери менен болгон ар тараптуу кызматташтыгын алдыга жылдыруу үчүн камкордук жана сезимталдыкты көрсөткөнүн белгилеген Өмүралиев, мунун жаңы мезгилде да күчтөнүп артышын каалады.

Өмүралиев катында «Ушул куттуу кызматыңызда, боордош түрк мамлекеттерин бир чатырдын астына бириктирген Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы катары өзүмдүн милдетимди аткарууга даяр экенимди билишиңизди каалайм»,-деди.



Тектеш кабарлар