Кыргызстан-Кытай келишимдери

Президенттиктин басма сөз борборунун билдирүүсүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 17-20-май күндөрүнүн аралыгында Кытайга алгачкы расмий сапарын жасаганы эске салынды.

1989356
Кыргызстан-Кытай келишимдери

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган биринчи расмий сапарынын алкагында тараптардын ортосунда суммасы 1 миллиард доллардан ашык келишимдерге кол коюлду.

Президенттиктин басма сөз борборунун билдирүүсүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 17-20-май күндөрүнүн аралыгында Кытайга алгачкы расмий сапарын жасаганы эске салынып, сапардын жыйынтыгында суммасы 1 миллиард доллардан ашык келишимдерге кол коюлганы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

Билдирүүдө Жапаровдун Кытайга сапарынын алкагында энергетика, айыл чарба жана кинематография тармактарында кол коюлган келишимдер жана долбоордун суммасы тууралуу маалыматтар да орун алды.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен China Power International Development Limited компаниясынын ортосунда кол коюлган инвестициялык келишимге ылайык, Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда 800 миллион доллар жана миң мегаваттык күн электр станциясы курулат.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен «Хэбэй» ЖЧКсы «Бай Доу Жиа» ортосундагы келишимге ылайык, Кыргызстанда 260 миллион долларлык жер семирткичтерди өндүрүүчү ишкана куруу долбоору ишке ашырылат.

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. 38 миллион долларлык «Жибек жолунун алыскы шамалы» биргелешкен сериалынын тартылуу долбоору башталат.

Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co.,Ltd. компаниясы менен да 25 миллион долларлык «Бишкек сүйүүсү» биргелешкен сериалынын тартылуу долбоору ишке ашат.



Тектеш кабарлар