Пашинян: "Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн тааныйбыз"

Никол Пашинян Исландиядагы Европа кеңешинин жыйынында Азербайжан менен сүйлөшүү процессине токтолду.

1988219
Пашинян: "Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн тааныйбыз"

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн тааныгандарын билдирди.

Никол Пашинян Исландиядагы Европа кеңешинин жыйынында Азербайжан менен сүйлөшүү процессине токтолду.

Дем алыш күндөрү Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишелдин ортомчулугунда жылыш болгонун айткан Пашинян, Азербайжан менен Армения бири-биринин аймактык бүтүндүгүн тааныганын билдирди.

Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери эртең Орусиянын борбор шаары Москвада жолугушат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кожоюндугундагы жыйында тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

25-майда да Орусиянын президенти Владимир Путин Азербайжан менен Армениянын лидерлерин Москвадагы үч тараптуу саммитте кабыл алат.



Тектеш кабарлар