Казакстандан айрым мунай өнүмдөрүн экспорттоого тыюу салынды

Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги жарыялаган жарлыкта орун алды.

1973293
Казакстандан айрым мунай өнүмдөрүн экспорттоого тыюу салынды

Казакстанда 2024-жылдын 31-декабрына чейин авиа күйүүчү май, дизель жана битум сыяктуу кээ бир мунай өнүмдөрүн экспорттоого тыюу салынды.

Казакстандын Энергетика министрлиги жарыялаган жарлыкта «2024-жылдын 31-декабрына чейин Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары Казакстандын аймагынан айрым мунай өнүмдөрүн алып чыгууга тыюу салынды»,деген сөздөр орун алды.

Ошентип, ички рынокто тартыштыкты болтурбоо максатында авиа күйүүчү май, дизель майы, газойл жана битум сыяктуу кээ бир мунай өнүмдөрү өлкөдөн чыгарылбайт.



Тектеш кабарлар