Казакстанда адам териси менен капталган 5 кылымдык кол жазма

Казакстанда мукабасы адам терисинен жасалган байыркы латын кол жазмасы менен жазылган чыгарма сырдуулугун сактоодо.

1968393
Казакстанда адам териси менен капталган 5 кылымдык кол жазма

Казакстанда мукабасы адам терисинен жасалган байыркы латын кол жазмасы менен жазылган чыгарма сырдуулугун сактоодо. 

Кол жазма борбор  шаар Астанадагы Улуттук академиялык китепкананын Сейрек басылмалар музейинде көргөзмөгө коюлган.

Адамдын бел териси менен капталган, 1532 -  жылы байыркы латынча менен жазылган 330 беттик чыгарманын Франциядагы бир институтта 10 бети гана окулду.

Улуттук академиялык китепканасынын адиси Мөлдир Төлепбай кол жазуусунун 2014 -  жылы жеке коллекционер тарабынан китепканага белекке берилгенин, ошондон бери музейде көргөзмөдө экендигин  айтты. 

Төлепбай бүгүнкү күндө колдонулбаган, бирок кылымдар мурда кеңири таралган китеп жабуу ыкмасы менен жасалган эмгекти көрүү үчүн көп сандаган зыяратчыларды кабыл алгандарын белгилеп : «Бул ыкма дүйнөдө антроподермикалык китепти таңуу катары белгилүү, башкача айтканда, китепти таңуу үчүн адамдын териси колдонулган»,-деди.

Чыгарманын  мукабасына байланыштуу керектүү илимий изилдөөнүн жүргүзүлгөндүгүн белгилеген Төлепбай : "Астанадагы улуттук медициналык илим борборунун лабораториясында чыгарма изилденди. Кол жазманын мукабасында адамдын бел териси кулдонулган деген жыйынтык чыгарылды",- деди. 

Кол жазманын  мазмуну азыр да сыр бойдон калгандыгын айткан  Төлепбай : "Түндүк италиялык Петрус Пуардус аттуу нотариюска таандык болгон чыгарма байыркы латынча менен 1532 - жылы жазылган. Жалпы 330 беттен турат бирок азыркы учурда адистер 10 бетти гана окуй алды",- деди. 

Төлепбай кол жазманы атайын изилдөө үчүн Франциядагы институтка жөнөтүшкөнүн белгилеп : «Алгачкы беттеринен окулгандай кирип - чыгуу эсептери,  кредит жана ипотека боюнча маалымат бар деген  баа берилди, бирок кол жазма толугу менен чечмелене элек»,- деди. 

 

Улуттук академиялык китепканада 13 миңге жакын сейрек басылмалар сакталганын белгилеген Төлөпбай алардын арасында жылан терисинен, асыл таштардан, жибек кездемеден жана алтын жиптен жасалган атайын китептер бар экендигин кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар