Азербайжанда депутат Фазыл Мустафа куралдуу кол салууда жаракат алды

Мустафага белгисиз бирөөлөр кол салды.

1966605
Азербайжанда депутат Фазыл Мустафа куралдуу кол салууда жаракат алды

Азербайжанда Улуу боштондук партиясынын төрагасы жана депутат Фазыл Мустафа куралдуу кол салууда жараланды.

Азербайжандын Башкы прокуратурасынын билдирүүсүндө, Мустафага Бакунун Сабунчу районундагы үйүнүн алдында белгисиз бирөөлөр тарабынан кол салуу болгону кабарланды.

Билдирүүдө окуяга байланыштуу иликтөө иштери башталганы белгиленди.

Азербайжандын Медициналык аймактык бөлүмдөр боюнча Башкаруу биримдигинен жасалган билдирүүдө, ооруканага жеткирилген Мустафанын өмүрүнө коркунуч жаралбаганы айтылды.



Тектеш кабарлар