Татар румдардын куралдануусу аймактагы эч кимге пайда алып келбей турганын билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Левкошадагы элчиси Жули Д. Фишерди кабыл алган Татар, жолугушуудан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

1963892
Татар румдардын куралдануусу аймактагы эч кимге пайда алып келбей турганын билдирди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар румдардын куралдануусу аймактагы эч кимге пайда алып келбей турганын билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Левкошадагы элчиси Жули Д. Фишерди кабыл алган Татар, жолугушуудан кийин журналисттерге билдирүү жасады.

Эрсин Татар, Фишердин жаңы кызматка келишинен улам байланышка чыккандарын жана ушул алкакта жолугушкандарын белгиледи.

Румдардын куралдануусуна байланыштуу ыңгайсыздыктарын Фишерге билдиргендерин белгилеген Татар: «АКШнын курал эмбаргосунун жоюлушу менен Түштүк Кипр Рум Башкаруусунун куралдануусу Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалууну арттыра турган терс көрүнүш. Кипрдик румдардын куралдануусу аймактагы эч кимге пайда алып келбейт. Бул пикирлерди бийликке жеткирсин деп Фишерге айттым»,-деди.

Татар румдар менен расмий сүйлөшүүлөрдүн башталышы үчүн эгемендүү тең укуктуулуктун жана бирдей эл аралык статустун катталышынын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын алдын ала шарты экенин Фишерге түшүндүргөндөрүн белгиледи.

Жолугушууда Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги тең салмактуулуктардын өзгөргөнүн, Кипрде эки тараптын тең укуктуулугунун жана Түркиянын кепил өлкө катары позициясынын өзгөргөн тең салмактуулуктардын негизинде чоң мааниге ээ болгонун билдирген Татар, бул саясаттын колдоого алынышын каалаганын айтты.

АКШнын Левкошадагы элчиси Фишер жолугушуу конструктивдүү жана жакшы өттү деп билдирди.

Жолугушууда Фишер, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларынын негизинде, саясий теңдикке негизделген эки тараптуу федерациянын негизинде Кипр сүйлөшүүлөрүнүн кайра башталышына АКШнын колдоо көрсөтүү убадасын жана чечкиндүүлүгүн Татарга жеткиргенин айтты.



Тектеш кабарлар