Орус банк секторунун 2022-жылдагы кирешеси

Орусиянын Борбордук банкы тарабынан билдирүү жарыяланды.

1938834
Орус банк секторунун 2022-жылдагы кирешеси

Орусиянын Борбордук банкы, өлкөнүн банк секторунун кеңири санкцияларга карабастан 2022-жылды 203 миллиард рубль киреше менен жапканын билдирди.

Орусиянын Борбордук банкы тарабынан жарыяланган «Банк секторунун өнүгүү баалоосу» аттуу отчетунда, орус банк секторунун 2022-жылдын биринчи жарымында 1,4 триллион рублдук чыгымга учураганына көңүл бурулду.

Сектордун өткөн жылдын экинчи жарымында калыбына келгени маалымдалган отчетто, орус банк секторунун 2022-жылды 203 миллиард рубль киреше менен жапкандыгы кабарланды.

Отчетто өлкөдөгү айрым банктардын 2022-жылды олуттуу жоготуу менен жапкандыгы, кирешелүү банктардын көрсөткүчүнүн 77 пайыз деңгээлинде болгону белгиленди.

Орусиянын банк сектору 2021-жылы 2,4 триллион рубль киреше тапкан.

Батыш өлкөлөрү орус банк секторунун дүйнөлүк каржы системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектеп, өлкөдөгү көптөгөн банктарды SWIFT системасынан чыгарган.



Тектеш кабарлар