Азербайжан Иранга каршылык көрсөттү

Азербайжан Ирандын борбор шаары Тегерандагы элчилигине жасалган куралдуу кол салууда Ирандын дипломатиялык миссиянын коопсуздугун түзүүгө карата керектүү чараларды көрбөгөндүгүн жарыялады.

1938838
Азербайжан Иранга каршылык көрсөттү

Азербайжан Ирандын борбор шаары Тегерандагы элчилигине жасалган куралдуу кол салууда Ирандын дипломатиялык миссиянын коопсуздугун түзүүгө карата керектүү чараларды көрбөгөндүгүн жарыялады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Тегеран элчилигине жасалган кол салуунун катцц айыпталгандыгы белгиленип : "Мындай жагдайларды алдын алуу жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүбүздүн коопсуздугун камсыздоо чаралары Ирандын күн тартибинде тынымсыз орун алып келди. Тилекке каршы акыркы кандуу террордук кол салуу бул багыттагы шашылыш чакырууларыбызга керек болгон жоопкерчиликти көрсөтүүнүн олуттуу жыйынтыктарды жараткандыгын ортого салууда. иранда акыркы мезгилде күч алган Азербайжанга каршы кампаниянын  дипломатиялык өкүлчүлүгүбүзгө карата мындай кол салууларды колдойт деген пикирдебиз»,-деди.

Билдирүүдө : "Ирандын бул террордук кол салуунун аткаруучулары менен бул кандуу кыймыл үчүн буйрук бергендердин эртерээк аныкталып, катуу жазаланышын  талап кылабыз. Азербайжан тарап кылмышкерлердин аныкталышы жана ылайыктуу түрдө жазаландырылышы үчүн тийиштүү эл аралык  механизмдер берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонот. Террордук кол салуунун натыйжасында  ортого чыккан абалдан улам  элчиликтин кызматкерлери жана үй -  бүлө мүчөлөрүнүн эвакуацияланышы боюнча керектүү чаралардын көрүлүшү пландалууда",- деп билдирилди.

Азербайжандын Тегеран элчилигине бүгүн эртең менен куралдуу кол салуу болуп, Калашников автоматы менен ок аткан кол салуучу элчиликтин коопсуздук башчысын өлтүрүп, 2 коопсуздук кызматкерин жарадар кылган.

 

 



Тектеш кабарлар