Грециянын тышкы иштер министри Дендиас Казакстанда...

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев да Дендиасты Акорда президенттик сарайында кабыл алды.

1914985
Грециянын тышкы иштер министри Дендиас Казакстанда...

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиас Казакстанда.

Расмий жолугушуу үчүн Казакстанга биринчи жолу барган Дендиас борбор шаар Астанада казак кесиптеши Мухтар Тилеуберди менен жолугушту.

Делегациялардын жолугушууларынан кийин Тилеуберди менен Дендиас Казакстан менен Грециянын тышкы иштер министрликтеринин ортосунда дипломаттарды даярдоо жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Кийинчерээк экөө биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

Тилеуберди грек кесиптеши Дендиас менен саясий, соода жана экономикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелердин келечегин, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну толук өз ара түшүнүшүү менен талкуулаганын айтты.

Дендиас 10 миңге жакын грек диаспорасы жашаган Казакстан менен бекем достук жана өз ара түшүнүшүү көпүрөсү түзүлгөнүн баса белгилеп, келечекте Актауда консулдук ача тургандарын билдирди.

Казакстан менен Европа Биримдигинин (ЕБ) ортосундагы карым-катнаштарды да талкуулагандарын белгилеген Дендиас Грециянын бул карым – катнаштардын өнүгүшүнө салым кошуудан кубанычта боло турганын кошумчалады.

Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев да Дендиасты Акорда президенттик сарайында кабыл алды.

Токаев Греция менен мамилени алар үчүн артыкчылыктуу деп белгилеп:«Биз өз ара кызматташуунун көрсөткүчтөрүн жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз»,-деп айтты.

Дендиас ошондой эле Борбор Азиядагы стабилдүүлүктүн гаранты болгон Казакстанды аймактагы эң чоң жана приоритеттүү өлкө катары көрүшөрүн белгилеп: «Греция сиздин өлкө менен мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташууга даяр»,-деди.



Тектеш кабарлар