Өзбекстандын Каракалпакстан областында болгон окуяларга байланыштуу козголгон иштер

Өзбекстандын Жогорку соту тараткан билдирүүдө Даулетмурат Тажимуратов, Лалагуль Каллиханова жана Азамат Турданов баш болгон 22 айыпталуучунун соту башталганы айтылган.

1912049
Өзбекстандын Каракалпакстан областында болгон окуяларга байланыштуу козголгон иштер

Өзбекстандын Каракалпакстан автономиялуу республикасында июль айында болгон окуяларды уюштурган деген айып менен 22 адамдын соту башталды, анда 21 адам каза болуп, 243 адам жараат алган.

Өзбекстандын Жогорку соту тараткан билдирүүдө Даулетмурат Тажимуратов, Лалагуль Каллиханова жана Азамат Турданов баш болгон 22 айыпталуучунун соту башталганы айтылган.

Билдирүүдө айыпталуучуларга конституциялык режимге кол салуу, коомдук коопсуздукка жана тартипке коркунуч келтирген материалдарды басып чыгаруу, даярдоо, сактоо жана жайылтуу, курал-жарак жана ок-дарыларды сактоо, денеге атайылап оор залал келтирүү, элге жана жеке менчикке зыян келтирүү сыяктуу кылмыштар боюнча айып тагылганы белгиленген.

1-2-июль күндөрү Каракалпакстанда өткөн нааразылык акциялары күн тартибине Өзбекстандын Конституциясындагы Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын макамына байланыштуу беренелерди өзгөртүүгө байланыштуу айрым сунуштар киргизилгенден кийин кагылыштуу окуяларга айланган.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги демонстрацияларды конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдү «туура эмес чечмелеген» топ уюштурганын жарыялады.

Окуялардан кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев митингдер өткөн Нукус шаарына барып, ал жактагы жарандар менен жолугуп, Каракалпакстандын статусу өзгөртүлбөй турганын билдирген.

Мирзиеев кол койгон жарлык менен демонстрациялардын уланышына байланыштуу Каракалпакстан Автономиялуу Республикасында бир айлык өзгөчө кырдаал жарыяланган болчу.



Тектеш кабарлар