Сербиянын Маданият министрлиги менен Түрксойдун ортосундагы кызматташтык

Гойкович кол коюу аземинен кийин жасаган билдирүүсүндө, бул протоколдун маданий жана тарыхый карым-катнаштарды дагы да өркүндөтө турганын айты.

1623020
Сербиянын Маданият министрлиги менен Түрксойдун ортосундагы кызматташтык

Эл аралык түрк маданияты уюму (ТҮРКСОЙ) менен Сербиянын Маданият министрлигинин ортосунда маданият жаатындагы кызматташтыкты чыңдоо максатында протоколго кол коюлду.

Сербиянын борбор шаары Белградга өткөрүлгөн кол коюу аземине, маданият министри Мажа Гойкович менен ТҮРКСОЙдун баш катчысы Дүсен Касеинов, ошондой эле Түркиянын Белграддагы жаңы элчиси Хами Аксой катышты.

Гойкович кол коюу аземинен кийин жасаган билдирүүсүндө, бул протоколдун маданий жана тарыхый карым-катнаштарды дагы да өркүндөтө турганын айтты.

Кызматташуу протоколунун эркин ой жана тажрыйба алмашууга мүмкүндүк бере турганын баса белгилеген Гойкович: «Биз кызматташуубузду бекемдей турган тармактар ​​жөнүндө кеңири сүйлөштүк. Кино, театр, музей, архив жана музыка сыяктуу көптөгөн тармактарда кызматташууга болорун түшүндүк»,-деди.

Гойкович кол коюлган документтин көп жылдык кызматташтыктын укуктук негизин түзгөнүн билдирди.

Касеинов да ТҮРКСОЙдун элдердин ортосундагы бир туугандык байланышты чыңдоо максатында дүйнөнүн төрт тарабында иш-чараларды уюштуруп жаткандыгын эске салып: «(Сербия) Маданият министрлиги менен ТҮРКСОЙдун ортосунда кол коюлган бул протоколдун алкагында жетишилген ийгилик берки өлкөлөргө үлгү болот. Элдерибиздин көптөгөн бирдей ойлору бар. Биздин жалпы көз карашыбыз - салтыбызды сактап калуу»,-деди.



Тектеш кабарлар