Кыргыз студенттер Чубуктагы футболдук мелдеште экинчиликти алышты (видео)

Студенттер арасында футбол боюнча Кыргызстандын командасы экинчи орунду ээледи.

483250
Кыргыз студенттер Чубуктагы футболдук мелдеште экинчиликти алышты (видео)

Чубук муниципалитетинин маданият жана социалдык иштер боюнча директорлугу ЮНЕСКО 2016 Хожа Ахмет Йесеви жылына арнап Түрк дүйнөсүнүн футбол боюнча 2-турнирин уюштурду.

 

1-майда Анкаранын Чубук мунициапалитетинин футболдук  аянтчасында Анкаранын Жогорку окуу жайларында окуган студенттерден түзүлгөн командалар ортосунда жыйынтыктоочу мелдеши болуп өттү. Турнирге түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген студенттер жана Чубук муниципалитетинин футбол командалары өз өлкөлөрүн өкүлдүк кылып катышышты. Ага Азербайжан,  Кыргызстан, Казакстан, Түрмөнстан, Өзбекстан, Түндүк Кипр Түрк Республикасынан  Анкарада окуган студенттердин курама командалары катышты.

Өз ара беттешүүлөрдүн жыйынытыгында  Кыргызстандын командасы бардык командалар менен оюнда  жеңишке жетишип финалга чыкты.  Биринчи орун үчүн    Түркиянын муниципалдык футболдук командасы менен беттешип 5-2 эсебинде утулуп калды.

Ошентип, Түркиянын муниципалдык командасы биринчи, Кыргызстандын командасы экинчи ал эми Азербайжандын командасы үчүнчү, байгелүү орунду  ээледи.

Оюндун акырында жеңишке жетишкен  командаларды жана мыкты оюн көрсөткөн футболчуларды сыйлоо аземи болду. Финалда жеңишкен жетишкен командага медалдар, сыйлоо баракчалары жана  Кубок тапшырылды. Кыргызстандыктарга да медалдар, сыйлоо баракчалары салтанаттуу түрдө ыйгарылды.

Сыйлыкты ташырууга Чубук мунициапалитетинин башчысы Тунжай Ажехан, «Хожа Ахмед Йесеви» университетинин камкорчулар кеңешинин башчысы проф. др.Муса Йылдыз, Чубук мунициапалитетинин спорт жана маданий иштер бөлүмүнүн башчысы, кыргыз жердешибиз Бүнямин Токер жана ошондой эле аталган республикалардан Түркиядагы Өзбекстан, Казакстан элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.

Алар жеңишке жетишкен командаларды куттуктап, ушундай спорттук оюндар түрк мамлекеттери, түрк дүнүйөсү ортосунда  мамилени дагы жакшыртып, эң ириде студенттердин башын бириктирүү болоруна токтолушту.

Ахмет Йесеви Университетинин камкорчулар кеңешинин башчысы проф. Муса Йылдыз буларга токтолду:

«Быйыл Хожа Ахмет Йесевинин дүйнөдөн кайтканына 850 жыл болду. Ушул себептен биз Хожа Ахмет Йесеви университети катары, Түркия менен Казакстандын орток мамлекеттик университети катары, ЮНЕСКОго кайрылганбыз жана бир добуштан кабыл алынып 2016-жыл Хожа Ахмет Йесеви жылы деп кабыл алынды. Ушул алкакта биз бир канча иш-чараларды пландаганбыз. Бул иш-чараларды Түркияда, Казакстанда, Түрк дүйнөсүнүн ар кайсы жерлеринде жана чет өлкөлөрдөгү «Юнус Эмре» институттарында уюштуруудабыз. Анкаранын дароо четинде кооз жерибиз Чубукта быйыл Хожа Ахмет Йесевиге арналып ушундай иш-чаранын өткөрүлүшү бизди кубандырды. Ушундай иш-чаралардын тез-тез болуп турушу, Түрк дүйнөсүнүн дагы тыгыз байланышуусу жана дагы күчтүү Түрк дүйнөсүнүн түзүлүүсү жагынан абдан маанилүү»

Чубук муниципалитетинин башчысы Тунжай Ажехан да өз маегинде, буларды баса белгиледи:

«Түрк дүйнөсү биздин Чубук үчүн атайын мааниге ээ. Чубук менен Хожа Ахмет Йесевинин жана бүткүл Азиядагы Түрк дүйнөсү мамлекеттеринин жаштарынын руханий байланышы бар. Бул руханий байланыштарда бүгүн жанданттык. Бул турнирди ийгиликтүү түрдө өткөрүп алдык. Жеке өз атыман катышканы үчүн Хожа Ахмет Йесеви университетинин камкорчулар кеңешинин башчысы, урматтуу Муса Йылдызга, Өзбекстандын элчилик кеңешчисине, Казакстандын консулуна ыраазычылык билдирем. Бул турнирди келечекте дагы да кеңейтип улантабыз, буюрса». (Видео маек)



Тектеш кабарлар