Түрк басма сөзү  17.05. 2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2140705
Түрк басма сөзү  17.05. 2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандан Палестина тууралуу билдирүү» деген кабарында президент Эрдогандын Грузиянын премьер  - министри Иракли Кобахидзе менен өткөргөн пресс  - жыйынында : «Бүткүл адамзат Палестина элинин эркиндик үчүн күрөшүн мыйзамдын негизинде колдоого алышы керек. Дүйнөнүн төрт тарабында уланып жаткан Палестинага колдоо аракеттери абдан маанилүү»,- дегенин белгилеген.

«Сабах» гезити «Грузиянын премьер  - министри : Эрдоган чыныгы лидер» деп жазган макаласында Грузиянын премьер  - министри Кобахидзенин Эрдогандын бир гана президент эле эмес Түркиянын кызыкчылыктарын коргогон чыныгы лидер экендигин белгилеп : «Сиздин лидерлигиңиз баарыбызга үлгү болууда»,- дегенин кабарлаган.

«Хүррийет» гезити "Түркиянын тарыхында биринчи" деп билдирип, Baykar Technolojiнин улук менеджери Халук Байрактардын Байрактар  ТБ2 куралдуу учкучсуз учуучу аппататтарынын акыркы системасынын ​​кечээ Польшага тапшырылгандыгын белгилеп : «Ушундайча Түркия тарыхында биринчи жолу НАТО жана Европа Биримдигине мүчө бир өлкөгө жогорку технологияга ээ куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын экспортун ийгиликтүү аяктадык», - дегенин маалымдаган.

«Йени шафак» гезити «Сиркежи  -  Казлычешме линиясы Европанын тизмесинде» деген маалыматында Транспорт жана инфраструктура министрлиги тарабынан жаңыланып, ишке киргизилген Сиркечи-Казлычешме темир жол линиясынан мактоо менен сөз болгонун жазган.  Бул линия дүйнөнүн алдыңкы туристтик сайттарынын бири болгон "loneyplanet.com" тарабынан Европада кыдырууга боло турган 6 темир жол маршрутунун катарында көрсөтүлдү.

«Стар» гезити «Түркия  58 университет менен бул жылы да эң көп өкүлү болгон өлкө болду» деп жазып, борбору Британия болгон жогорку билим берүү рейтинг агенттиги Times Higher Education (THE) 2024 - жылдын «Жаш университеттер рейтингинде» дүйнөнүн эң мыкты жаш университеттерин камтыган Түркия бул жылы 58 университет менен эң көп өкүлү болгон өлкө болду.

 

 



Тектеш кабарлар