Түрк басма сөзү 15.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2139637
Түрк басма сөзү 15.05.2024

«Сабах» гезити «Эрдоган эң сүйүктүү лидер» аттуу кабарында Батыш Балкан өлкөлөрү Албания, Босния-Герцеговина, Черногория, Түндүк Македония, Сербия жана Косоводо жүргүзүлгөн сурамжылоонун президент Режеп Таййип Эрдогандын аймак калкынын эң сүйүктүү лидери экенин аныктаганын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Фидан: Израиль баскынчы держава» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидандын Израилдин баскынчы держава экенин баса белгилеп, «Бул жердеги (Газада) согуш жөн жерден чыккан жок»,-дегенин жазган. Хамастын террордук уюм эмес экенин айткан Фидан: «Хамас каршылык көрсөтүү кыймылы террордук уюм эмес»,-деди.

«Йенишафак» гезити «Нахчыван жаратылыш газы быйыл кышта Түркия аркылуу жеткирилет» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар ​​Түркмөнстандын жаратылыш газынын Азербайжан жана Грузия аркылуу Түркияга жеткирилиши үчүн Түркия-Азербайжан жаратылыш газ кызматташтыгы келишимине кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Быйылкы кышта Нахчывандын жаратылыш газы Түркия аркылуу жеткирилет. Бул линияны (Ыгдыр – Нахчыван) эң кыска мөөнөттө ишке киргизүүнү пландап жатабыз»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Кажыр: 24 метр жана андан жогорку яхталардын заказында дүйнөдө 4-орундабыз» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр Түркиянын 2023-жылдан тарта 24 метр жана андан жогорку яхта заказында 73 миң 11 гросстон менен дүйнөдө 4-орунда турганын айтканын билдирген.

«Ватан» гезити «Уралоглу TURKSAT 6Aнын космоско учуруу күнүн жарыялады» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу TÜRKSAT 6Анын июнь айынын башында АКШга жөнөтүлө турганын белгилеп, «Биздин божомолубуз 8-14-июль аралыгында орбитага учурулат»,-дегенин жазган.



Тектеш кабарлар