Түрк басма сөзү 14.05.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2139078
Түрк басма сөзү 14.05.2024

"Хүррийет" гезити "Эрдоган : Мицотакис менен конструктивдүү жолугушуу өткөрдүк» деген кабарында президент Эрдогандын Грециянын премьер  - министри Кирякос Мицотакисти Анкарада кабыл алганын жазган. Жолугушуудан кийин эки лидер пресс - жыйын өткөрдү. Президент Эрдоган  сөзүндө : "Конструктивдүү жолугушуу өткөрдүк. Маселелерди диалог менен чечебиз",- деди. Мицотакис да : "Греция  Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнө салым кошууну колдойт",- деди. 

"Йени шафак" гезити "Эрдогандан Мицотакиске Хамас жообу" деп жазып, Грециянын премьер-министри Мицотакистин Хамасты террордук уюм деп жарыялагандан кийин сөз сүйлөгөн президент Эрдоган Грециянын премьер  - министрине  Хамасты тууралуу : "Хамас террордук уюм эмес. Бул өз жерлерин коргогон каршылык көрсөтүү уюму»,- деди жана миңден ашуун Хамас мүчөсүнүн Түркияда дарыланганын кошумчалады.

"Стар" гезити "Тунистик тарыхчы Эрдоганды мактады" деген макаласында түрк жана Осмон империясы тууралуу эмгектери менен өзгөчөлөнгөн тунистик тарыхчы профессор доктор Абдулжелил Тамиминин : «Президент Эрдоган өзгөчө бир инсан. Эрдоган Түркиянын жана ислам дүйнөсүнүн сыймыгы. Эгерде элдер Эрдогандын идеяларынын жана теорияларынын канчалык деңгээлде баалуу экенин билишсе, ишенишмек эмес»,-дегенин белгилеген.

"Хабер түрк" гезити : «Түркиянын экономикалык программасына ишеним артууда» деп жазып Түркиянын экономикалык программасына болгон ишеним менен тышкы каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн артып жатканын жазган. Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Түркиянын валюта резервдериндеги жакшыруунун тышкы каржылоо агымындагы оң көз караш менен улана турганын айтты.

"Сабах" гезити  "Томбик дөнер - дүйнөдөгү эң мыкты сэндвичи" деген маалыматында түрк ашканасы дүйнөнүн эң популярдуу даамдарын жолугуштурууда деп жазган. Дүйнөдө даамдардын рейтингин түзгөн онлайн саякат гиди Taste Atlas берилген баллдардын жыйынтыгында эң мыкты сэндвичтерди тизмеледи жана бир түрк даамы томбик дөнер тизменин башында орун алды.  Андан тышкары тизменин алдыңкы 20сында Түркиядан башка даамдар бар.

 

 



Тектеш кабарлар