Түрк басма сөзү 09.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2137249
Түрк басма сөзү 09.05.2024

«Сабах» гезити «Эрдоган: Түрк Мамлекеттер Уюмуна Газа чакырыгы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжандын премьер-министри Али Асадовду кабыл алуусунда Израилдин кол салуулары болуп жаткан Газадагы жарандарга гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Түрк Мамлекеттер Уюмунун дагы да кеңири кызматташа аларын айтканын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Эң көп жардам Түркиядан келет» аттуу маалыматында Тышкы иштер министрлигинин катчысы Өнжү Кечелинин: «Газага келген гуманитардык жардамдын 30 пайызын берген Түркия, ал жактагы палестиналыктарга эң көп жардам берген өлкө»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Коңшу Мицотакистин Түркия сапарына көңүл бурду» аттуу кабарында Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин 13-майда Түркияга жасай турган иш сапары коңшу өлкөдө толкунданууну жаратканын жазган. Греция басма сөзүндө 14 айга созулган оң маанайдан кийин президент Эрдогандын диалог жана дипломатия тууралуу сөз кылган акыркы билдирүүсүнүн Грецияга болгон достук колунан да терең бир мааниге ээ болгону баса белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Түркияда өндүрүлгөн, бүт дүйнөгө экспорттолот» деген кабарында Артвиндеги Чорух дарыясынын жээгиндеги дамба көлдөрүндө жана деңизде курулган обьектилерде өткөн жылы 14 миң 400 тонна түрк лосось балыгы өндүрүлгөн. Түрк лосось деп аталган форель балыгы бүткүл дүйнөгө, өзгөчө Япония жана Орусияга экспорттолот.

«Стар» гезити «Түрк лирасы (TL) активдерине болгон кызыгуу өсүүдө» аттуу макаласында экономикалык жетекчилик тарабынан ташталган кадамдар жана Орто мөөнөттүү программанын максаттарына берилген милдеттенмелердин улануусу менен бирге эл аралык кредиттик рейтинг агенттиктеринин оң чечимдери түрк лирасы (TL) активдерине болгон кызыгууну арттырууну улантканын маалымдаган.



Тектеш кабарлар