Түрк басма сөзү 02.05.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2134348
Түрк басма сөзү 02.05.2024

«Стар» гезити «Эрдоган 1-Май Эмгек жана тилектештик күнүнө куттуктоосун билдирди» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган 1-Май Эмгек жана тилектештик майрамы менен эмгекчилерди  куттуктаганын белгилеген. Эрдогандын кечээ социалдык медиа эсебинен эмгекчилерге кайрылып: «Өлкөбүздө жана бүткүл дүйнөдө белгиленип жаткан 1-Май Эмгек жана тилектештик майрамы менен куттуктайм. Адал ырыскы издеген бардык жумушчу жана эмгекчи бир туугандарыма саламымды жана сүйүүмдү жолдойм»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүрриет» гезити «Тышкы иштер министри Хакан Фидан: Израилге каршы козголгон геноцид ишине кошулууну чечтик» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Хакан Фидан Индонезиянын тышкы иштер министри Марсуди менен кечээ борбор шаар Анкарада биргелешкен маалымат жыйынында билдирүү жасаганын жазган. Фидандын: «Мен бул жерде биринчи жолу жарыялагым келет. Биз Түштүк Африканын Израилге каршы Эл аралык Адилет Сотуна козгогон ишине кошулууну чечтик»,-деп айтканын маалымдаган.

«Ватан» гезити «Жевдет Йылмаз Өзбекстандын президенти Мирзиёев менен жолугушту» аттуу кабарында вице-президент Жевдет Йылмаз расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Өзбекстанда президент Шевкет Мирзиёев менен жолугушканын маалымдаган. Вице-президент Йылмаз : «Тилде, пикирде, иште биримдик» урааны менен Өзбекстан менен болгон достугубузду жана бир туугандыгыбызды орток тарыхый жана маданий байланыштарыбыздын алкагында бекемдөөнү улантабыз»,-деди.

«Сабах» гезити «Кара деңизде жаратылыш газынан кийин мунай зат...» деген кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактардын ​​Түркиянын энергетикалык көз карандысыздык максатына байланыштуу абдан таң калыштуу билдирүүлөрдү жасап, жаңы сүйүнчүсүн бергенин билдирген. Министр Байрактар: «Июнь айында Сакария газ талаасынын түштүгүндө мунай скважинасын казабыз, Синоп, Трабзон жана Ризе жээктеринде да жерлерди аныктадык»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Круиздик жүргүнчү саны 61 миңден ашты» аттуу кабарында Түркияга келген жүргүнчүлөр менен Түркиядан башка өлкөлөргө кеткен жүргүнчүлөр жана транзиттик жүргүнчүлөр менен бирге круиздик кеме жүргүнчүлөрүнүн саны үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 79,15 пайыз өсүп 61 миң 113кө жеткенин маалымдаган.



Тектеш кабарлар