Түрк басма сөзү 08.02.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2099566
Түрк басма сөзү 08.02.2024

«Сабах» гезити «Гезеравжынын жерге кайтып келүү сапары башталды» аттуу маалыматында Түркиянын биринчи космонавты Алпер Гезеравжынын жерге кайтып келүү сапары башталганын жазган. Космонавттар Эл аралык космос станциясынан (кечээ) Түркия убактысы боюнча саат 17.20да учуп чыгышты. Жол болжол менен 48 саатка созулары күтүлүүдө.

«Стар» гезити «Хамастын ок атышпоо сунушу үчүн Түркиянын шарты» деген кабарында Хамас Газада ок атышпоо сунушунда Түркия, Египет, Катар, Орусия жана БУУнун ар кандай келишимде кепил болуусун суранышканын жарыялаганын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Украинага колдоо көрсөтүүдө Столтенбергден Түркия мисалы» деген кабарында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин НАТО шериктештеринин Украинага курал жана ок-дары жардам көрсөтүүсүнө байланыштуу билдирүүсүндө Түркияны мисал катары көрсөткөнүн маалымдаган.

«Ватан» гезити  «Болат: Экспортубузду 256 миллиард долларга жеткирип рекорд койдук» деген кабарында соода министри Өмер Болаттын, «2023-жылы дүйнөлүк экспорт жана импорт азайганына карабастан, Түркия катары экспортубузду 0,64 пайызга көбөйтүп, 256 миллиард долларга жеттик. Бул республиканын тарыхында рекорддук көрсөткүч катары катталды»,-деп айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Алар топ-топ болуп келишет» деген кабарында Британиялык Би-Би-Си телерадиокомпаниясы дүйнөдөгү эң көп барылган 10 шаардын катарына кирген Стамбул жана Анталиянын Ковид-19 эпидемиясынан кийин чет элдик туристтер үчүн тез-тез барган жерлери экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар