Түрк басма сөзү 04.01.2024

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2084119
Түрк басма сөзү 04.01.2024

«Хабер түрк» гезити «Эрдогандын Иранга көңүл айтуу билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Ирандын Керман провинциясында болгон ыпылас террордук кол салууларга терең кайгырганын билдиргенин жазган. Эрдоган: «Дос жана боордош Иран элине көңүл айтам»,-деди.

«Стар» гезити «Эрдоган Реиси менен сүйлөштү» деген маалыматында президент Эрдогандын Ирандын президенти Ибрахим Реиси менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Анда Реисинин Түркия сапарын кийинки бир күнгө жылдыруу чечими кабыл алынды.

«Сабах» гезити «Фидандан Израилге Ливан эскертүү» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын айрым израилдиктердин согушту Ливанга жайылтууну каалап жатканын эскерткенин маалымдаган. Фидан: «Бул жол (Израиль-Ливан согушу) туңгуюк. Ушундай нерсе болуп кетсе, бул согуш албетте бүтпөйт. Тескерисинче, маселе чечиле турган болсо, биз тынчтыкка жана эки мамлекеттүү чечимге басым жасашыбыз керек»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Кызылайдын экинчи жардам кемеси Газага жетти» деген макаласында Түрк Кызылайы жөнөткөн экинчи жардам кемесинин материалдары Газага жеткенин жазган. Кемеге 107 тонна гуманитардык жардамды 147 жүк ташуучу унаага жүктөгөн Кызылай; чатыр, керебет, азык-түлүк жана тазалык сыяктуу материалдарды камтыган 66 жүк ташуучу унааны Газага жеткирди.

«Йени Шафак» гезити «Түрк подрядчыларынан чоң ийгилик» деген кабарында Түркиянын эл аралык контракт сектору 2023-жылды 27,4 миллиард долларлык чоң долбоор менен жапканын маалымдаган. 135 өлкөдө ишке ашырылган долбоорлордун жалпы баасы 501 миллиард 900 миллион долларга жетти. Испаниядагы Барселона клубунун стадионун жаңылоо долбоору чет өлкөдө утуп алган символдук долбоорлордун бири болуп калды.

 



Тектеш кабарлар