Түрк басма сөзү 17.11.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2065370
Түрк басма сөзү 17.11.2023

«Сабах» гезити «Министр Фидандан Батыш өлкөлөрүнө катуу сөздөр» аттуу кабарында тышкы иштер министри Хакан Фидандын өз билдирүүсүндө, Израилдин Газага кол салууларына дагы бир жолу катуу реакция кылганын жазган. Газадагы мыйзамсыз курчоо жана адамкерчиликсиз кол салуулардын дагы деле уланып жатканы уят»,- деген министр Фидан: «Баарынан да жаманы Батыш өлкөлөрүнүн бул мыкаачылыкка эч унчукпай турганы. Батышты Газадагы адамзатка каршы кылмышка өнөктөш болбоого чакырам»,-деп айтты.

«Хабер түрк» гезити «Челиктен израилдик жетекчилердин президент Эрдоганга байланыштуу билдирүүлөрүнө реакция»  аттуу маалыматында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен тышкы иштер министри Эли Коэндин президент Режеп Таййип Эрдоган тууралуу айткандарына байланыштуу: «Канкор Израиль башкаруучулугунун сөздөрү, бир күнү сөзсүз жооп бере турган кылмыштарын жаап-жашыруу аракети»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Министр Гүлер жарыялады: 1868 террорист жок кылынды» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Яшар Гүлер быйыл жыл башынан бери өлкөнүн ичинде жана чек ара тышында жүргүзүлгөн операцияларда 1868 террористтин жок кылынганын билдиргенин жазган.

«Ватан» гезити «Министр Уралоглу: Зенгезур үчүн Азербайжан менен тыгыз иштешип жатабыз» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Азербайжанда өткөрүлгөн «Түрк Мамлекеттер Уюмунунун транспорт министрлеринин жыйналышында» сөз сүйлөп, бардык аймак өлкөлөрүнө пайда алып келе турган Зенгезур коридорунун байланыштарынын тез арада бүткөрүлүшү үчүн Азербайжан менен абдан тыгыз иштешип жаткандарын айтканын билдирген.

«Стар» гезити «THY АКШнын дагы бир шаарына түз каттамдарын баштады» аттуу кабарында Түрк аба жолдорунун (THY) Стамбул аэропортунан Детройт Метрополитен Уэйн Каунти аэропортуна түз каттамын баштап, Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) 13-учуу багытына жеткенин жазган.



Тектеш кабарлар