Түрк басма сөзү 12.10.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

2049833
Түрк басма сөзү 12.10.2023

 

«Сабах» гезити «Эрдоган: Израиль ушинтип кете берсе, уюм катары каралат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Газа тилкесин бир нече күндөн бери бомбалап жаткан Израилге катуу эскертүү кылып: «​​Бир шаардын суусун, электр жарыгын, кирип-чыгуусун токтотуп инфраструктурасын кыйратып, мечиттерден чиркөөлөргө чейин бардык сыйынуучу жайларын талкалап, жарандар жашаган имараттарды бомбалар менен талкалоо - бул согуш эмес, кыргын болуп саналат. Жарандарды атайылап өлтүрүү, гуманитардык жардам алып келген дары-дармектердин кирүүсүнө тоскоол болуу мамлекет эмес, бул уюм рефлекси болуп эсептелет. Израиль мамлекет эмес, уюм сыяктуу иш кылса, акырында уюмдай мамиле көрө баштаарын унутпашы керек»,-деп айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Эрдоган: Интенсивдүү абадан жүргүзүлгөн операцияларды дагы да улантабыз» аттуу кабарында президент Эрдогандын Ирак менен Сириянын түндүгүндөгү абадан жүргүзүлгөн операцияларына байланыштуу: «Бир нече күндөн бери абадан жүргүзүп жаткан катуу операцияларды улантып, террордук уюмдун мүчөлөрүн каалаган убакта жана каалаган жерде жок кыла турганыбызды көрсөтөбүз»,-деп айтканын берген.

«Стар» гезити «Чатакка байланыштуу багыттарын Түркияга бурушту» деген кабарында Израилге багыт алган круиздик кемелер Израиль-Палестина чатагынан улам Түркия портторуна багыттарын өзгөртө башташканын маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Эрсой: 37 даана экспонаттарыбыз тиешелүү жерлерге кайтып келүүдө» деген макаласында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсойдун Швейцариядан алгачкы тарыхый буюмдардын кайтарылышына байланыштуу: «Урартулук дооруна таандык идиш-аяк, ат жабдыктар сыяктуу буюмдар менен бирге Рим дооруна таандык бугу айкели да болгон 37 даана экспонатыбыз тиешелүү жерлерине кайтарылып жатат»,-деп айтканын баяндаган.

«Хабер түрк» гезити «519 миң соттуулугу тууралуу күбөлүк түрк тилинен башка 40 тилде берилди» деген кабарында Адилет министрлигинин жаңы Кылмыш каттоо маалымат системасы менен бул жылы 40 чет тилде 519 миң 347 соттуулугу тууралуу күбөлүк берилгенин маалымдаган. Кылмыштуулук боюнча эң көп документтер англис, немис жана француз тилдеринде алынган.



Тектеш кабарлар