Түрк басма сөзү  27.01.2023

Бүгүн басмадан чыккан  гезиттерден кыскача маалыматтар.

1938610
Түрк басма сөзү  27.01.2023

«Хабер түрк» гезити «Челик : Батыш медиасы примитивдүү кара пропаганда жасап жатат» деген кабарында  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челиктин  айрым батыштык медиа органдарынын системалуу түрдө президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алууларына каршылык көрсөткөндүгүн жазган. Челик : «Батыштын айрым маалымат каражаттары президентибиздин тышкы саясатта көз карандысыз жана принципиалдуу багытта  кетүүсүнөн  ыңгайсыз экендигин ачык айтышууда. Алардын кылган иши медиа  эмес; Бул примитивдүү кара пропаганда»,- деди.

«Хүррйиет» гезити «Чавушоглу Швецияга каршылык көрсөттү» деп жазып, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Швецияда Куран Каримди өрттөө провокациясына  байланыштуу : «Швеция өкмөтү бул жийиркеничтүү аракетке уруксат берүү менен бул кылмышка шериктеш болду. Бул аракет негизинен жек көрүү кылмышы, расисттик кыймыл. Бул тууралуу бизге эч ким сөз эркиндиги деп түшүндүрүүгө аракет кылбашы керек”,- деди.

«Йени Шафак» гезити «Чавушоглу : АКШ ДЕАШты бизден качырды» деген макаласында ДЕАШ менен күрөшүү шылтагы менен Сирияга жайгашып, ПККнын жолун ачкан АКШнын ДЕАШ террористтерин да коргогондугу тууралуу маалыматтардын расмий аныкталгандыгын билдирди. Тышкы иштер министри Чавушоглу Түркия Сириянын түндүгүн тазалап, АКШнын Майк Помпео  ЦРУнун директору болуп турган кезде ДЕАШ террористтерин Афганистанга качыргандыгын айтты.

«Стар» гезити «Түркиядан Израилге айыптоо» деп билдирип, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын Израилдин кол салуусунда 9 палестиналыктын каза болушу менен 3 күндүк аза күтүү жарыялагандыгын маалымдаган. Түрк тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө : «Батыш Шериада күч алган чыңалуу жана адамдардын өлүмүнө жол ачкан бул кол салууларды катуу айыптайбыз»,- деп айтылды.

«Сабах» гезити «Түркия чоң жыйырмаларда ылдам өскөн экономикалардан» деген маалыматында Казына жана каржы министри Нуреддин Небатинин Түркиянын 2022 -  жылдын биринчи үч чейрегинде 6,2 пайызга өсүп күчтүү жана тең салмактуу өсүү көрүнүшүн улантып жаткандыгын, чоң жыйырмалар өлкөлөрүнүн арасында эң ылдам өскөн экономикалардын бири экендигин баса белгиленин жазган. Небати : «Бул абалдарда бекем экономикалык негиздерге ээ болуубуз, ишке ашырылган таасирдүү саясаттар жана турмушка ашырган Түркия экономикалык модели таасирдүү болду»,- деди.



Тектеш кабарлар