Түрк басма сөзү 7.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кымкача маалыматтар.

1915668
Түрк басма сөзү 7.12.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Азыр өз алдынча чечим чыгарган Түркия бар» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Түркиянын саясатта жана экономикада өз алдынча чечим чыгарган өлкө экенин белгилеп: «Экспорт көбөйдү. Өсүү башталды. Азыр Түркия дүйнөдөгү эң чоң 3 өлкөнүн ичинен алдыңкы 5тин ичинде орун алууда»,- дегенин жазган.

«Йени Шафак» гезити «Эрдоган Европанын эң күчтүү саясий лидери» аттуу маалыматында Бурсон Кон жана Вулфко таандык санариптик дипломатия изилдөө тобу Twiplomacy тарабынан жүргүзүлгөн «Твиттердеги эң күчтүү лидерлер» изилдөөсүндө президент Эрдогандын профили 2022-жылы 2 тепкичке көтөрүлүп, дүйнөнүн эң күчтүү үчүнчү Twitter аккаунту ээси болгонун билдирген. Эрдоган Европанын эң күчтүү саясий лидери деген наамын да сактап калды.

«Ватан» гезити «Эрдоган: Түркия менен Азербайжанды эч ким ажырата албайт» аттуу кабарында президент Эрдогандын, Азербайжан-Түркия биргелешкен машыгуусу ийгиликтүү аяктагандан кийин телефон аркылуу эки өлкөнүн армия кызматкерлерин куттуктап: «Бул машыгуу бир муштумдай экенибизди көрсөттү. Эч ким бизди бири-бирибизден ажырата албайт»,- дегенин жазган.

«Стар» гезити «Азербайжан түрк армиясынын моделине өттү» аттуу маалыматында Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) дүйнөнүн алдыңкы армияларынын бири экенин белгилеп, Азербайжан армиясынын түрк армиясынын моделине өтүшүнө байланыштуу реформалардын жасалганын айтканын билдирген.

«Сабах» гезити «Чавушоглу Грецияга катуу каршылык көрсөттү» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Грециянын чыңалууну күчөткөн кадамдарына реакция кылганын жазган. Грециянын куралсыздандырылган аралдардын статусун бузуусун токтотуусу керектигин белгилеген Чавушоглу: «Греция бул маселеде артка кадам таштап келишимдерге баш ийсин, же болбосо биз зарыл болгон нерсени бир түнү күтүлбөгөн жерден кылабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар