Түрк басма сөзү 10.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1745673
Түрк басма сөзү 10.12.2021

«Хүррийет» гезити «Орусиядан С-400 билдирүүсү: Түркия баш тартпайт» аттуу маалыматында Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Түркиянын Орусиядан чыккан С-400 коргонуу системасын сатып алганы үчүн АКШнын киргизген санкцияларын сынга алганын маалымдаган. Түркиянын бул санкцияларга каршы эч кандай баш тартууга барбаганын билдирген Песков Түркияга экинчи С-400 системасын жөнөтүүнү пландап жатышканын айтты.

«Ватан» гезити «Министр Сойлу: Катарда боло турган дүйнөлүк чемпионатта 3 миң 250 полициябыз кызмат кылат» аттуу кабарында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун: «3 миңи ОМОН болгон 3 миң 250 полиция кызматкерибиз Катарда боло турган FIFA 2022 Дүйнөлүк чемпионатында кызмат кылышат»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Министр Муш жарыялады: Биз эки орундуу сандарга жетебиз деп ишенебиз» деген кабарында соода министри Мехмет Муштун: «Экспортубуздун ылдам өсүшү жана экспорт менен шартталган өндүрүштө өсүү менен ылдамдаган жаңы инвестициялар аркылуу орто мөөнөттүү программабыздын өсүү максатын жыл аягында 9 пайыздан ашып, эки орундуу сандарга жетебиз деп ишенебиз»,-дегенин берген.

«Йени Шафак» гезити «Италияга экспортто рекорд жаңыланды» аттуу кабарында Түркия октябрь айында 1 миллиард 26 миллион доллар болгон Италияга айлык экспорт рекордун ноябрь айында 1 миллиард 39 миллион долларга жылдырганын маалымдаган. Унаа өнөр жайы ноябрь айында Италияга 181,4 миллион долларлык экспорт жасады.

«Сабах» гезити «TPAO республика тарыхындагы рекордду жаңыртууга даярданууда» деген кабарында Түрк мунайзат корпорациясы (TPAO) мунай өндүрүшүндө жаңы жылдын максаттарын белгилегенин жазган. TPAOнун башкы директору Мелих Хан Билгин, жаңы жылда жалпы күнүмдүк мунай өндүрүшүн Батман аймагында 50 миң баррелге жана берки аймактар менен жалпы 65 миң баррелге жеткирип, республика тарыхынын мунай рекордун жаңылоого даярданып жатышканын айтканын баяндаган.



Тектеш кабарлар