Түрк басма сөзү 21.01.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1568163
Түрк басма сөзү 21.01.2021

 

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдогандын тил боюнча билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 2019-2020-жылдар үчүн Маданият жана туризм министрлигинин атайын сыйлык тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Тилин коргобогон жана тилин байыта албаган элдер, тамыры кургап бараткан дарактардай шамалдын алдында кулап түшүүгө мажбур»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Идлибдеги Кызылайдын жакшылык үчүн үйлөрү даяр» аттуу кабарында Сириядагы кол салуулардан качып Идлибге баш калкалаган  жана ал жакта жашоо үчүн күрөшүп жаткандар үчүн Түркиянын брикеттен курган үйлөрү ылдам бүткөрүлүп жатканын маалымдаган. Сармада районунун Машат Рухин жергесинде Түрк Кызылайы курган 1228 брикет үйдүн 748и отурукташууга даяр болду. 1 бөлмөлүү, ванна бөлмөсү, даараткана жана ашканадан турган 39 м2 брикет үйлөрү ар кандай аба ырайына туруктуу болот.

«Хүррийет» гезити  «Türksat 5Aнын сапары пландаштырылгандай уланууда» транспорт жана инфраструктура министри Адил Карайсмайлоглу Türksat-5A спутнигинин ички тутумдук сыноолорунун эч кыйынчылыксыз аяктаганын белгилеп: «Орбиталык жогорулоо маневрлери жана спутниктеги операциялар пландалгандай уланууда»,дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Ал өлкөлөрдөн BİPке чоң кызыгуусу бар» аттуу кабарында Түркиянын атамекендик байланыш платформасынын чет өлкөлөрдөгү жаңы колдонуучусунун саны 8 миллионго жеткенин маалымдаган. Ыкчам тандалган колдонмо базарларынын арасынан эң жогорку орунга чыккан BiP Бахрейн, Бангладеш, Катар, Пакистан, Сауд Арабиясы жана Омандагы бардык атаандаштарынан ашып өтүп, Google Play дүкөнүндө биринчи орунду ээледи.

«Стар» гезити «Түркияда чыгарылган жана дүйнө жүзүнүн таңдайында таттуу даам болду» деген кабарында Түркиянын татымалдар экспорту 2020-жылы өткөн жылга караганда 15 пайызга өсүп, 201 миллион 735 миң долларга жеткенин маалымдаган. Татымал  экспортунда биринчи орунду АКШ 29 миллион 743 миң доллар менен алды. Бул өлкөдөн кийин 22 миллион 822 миң доллар менен Германия, 8 миллион 941 миң доллар менен Кытай келди.



Тектеш кабарлар