Түрк басма сөзү-12.07.2016

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

527967
Түрк басма сөзү-12.07.2016

«Стар» гезити «Түркия тик турду ЕБ чегинди» аттуу маалыматында Европа Биримдигинин визасыз режим темасында акыркы убакта алдыга койгон «террор аныктамасын өзгөрткүлө» деген шартына каршы Түркия так мамилесин ортого салганын белгилеген. ЕБнин адистери менен көшөгөнүн артында болгон жолугушууларда террор мыйзамын ЕБнин каалаганыдай өзгөртүүсүнүн мүмкүн болбой турганы маалымдалды. Түркияга визасыз режим үчүн жашыл жарык жаккан Европа Биримдиги Комиссиясынын ички иштеринен жооптуу мүчөсү Дмитрис Аврамопулос, Түркиянын террор менен күрөшүү мыйзамын өзгөртпөөгө бел байлаганын түшүнүү менен кабыл алганын айтты.

«Ватан» гезити «Орусия менен нормалдашуу 10 миллиард долларды камсыздайт» аттуу маалыматында Орусия менен Түркиянын ортосунда нормалдашуунун башталышы экономикада учак кризисинен мурда болгон шарттардын калыбына келиши багытында белгилерди бергенин маалымдаган. Түрк-орус карым-катнаштарынын ылдам түрдө оңолушунун улам төмөндөп бараткан соода, туризм жана чекене соода кирешелери да эске алынганда түрк экономикасына 2 жылда жалпы 10 миллиард доллар киреше алып келээри эсептелди.

«Сабах» гезити «Токтобогон көз жашы» аттуу маалыматында Европада 2-Дүйнөлүк согуштан кийин болгон, эң чоң адамзат трагедиясы катары кабыл алынган жана 8372 босниялыктын кыргынга учуратылган Сребреница геноцидинин издери арадан өткөн 21 жылга карабастан дагы эле сууй электигин белгилеген. Геноцидде өлтүрүлгөн жана тобу менен жерге көмүлгөн курмандардын өздүктөрүн белгилөө жасалгандардан 127си кечээ Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун да катышуусундагы расми менен көз жаштары төгүлүп Роточари көрүстөнүндө көмүлдү. Ушуну менен көрүстөндөгү курмандардын саны 6504 кишиге жетти.

«Хабер түрк» гезити «Түркия ЮНЕСКОго салым кошуу үлүшүн эки эселентет» аттуу маалыматында Стамбулда өткөрүлгөн ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар комитетинин 40-жыйналышы,  Стамбул конгресс борборунда уланаарын жазган. Жыйналыштын экинчи күнүндө «Стамбул декларациясы» жарыяланды. Анда финансылык жана адам ресурсу жетишсиздигинин келишим талап кылганындай ишке ашырылбай жатышы баса белгиленип, тарап болгон өлкөлөрдүн убакытты кортопостон финансылык салымдарды кошуусу талап кылынды. Түркия финансылык кризиске дуушар болгон ЮНЕСКОго салым кошуусун эки эселентүү чечимин чыгарды. Бул токтомду жарыялаган маданият жана туризм министри Наби Авжы, «Түркия катары жылдык салым кошуу үлүшүн алдыбыздагы мезгилде 1 пайыздан 2 пайызга чыгарабыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «НАТО өкүлү: Түрк-орус нормалдашуусу НАТОнун жай алышына шарт түздү» деген маалыматында Орусиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү Александр Грушко, Түркия менен Орусиянын ортосундагы нормалдашуусунун НАТОну жаңилдеткенин айтканын жазган. «Россия-24» телеканалында маалымат берген Грушко, Түркиянын аба мейкиндигин бузган орус учагын түшүргөндөн кийин дароо НАТОго кайрылганын эске салып, «Андагы көрүнүшкө караганда түрк-орус мамилелери олуттуу зыян тарткандан кийин кыйын абалда калган НАТО, карым-катнаштар нормалдашуусу менен абдан жеңил дем ала баштады»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар