Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон маанилүү окуялар.
*** 1941 - жылы 7 - декабрда Япония АКШга кол салды. АКШнын Пеарл Харборддогу деңиз флотун япондор басып алышты. Басып алууда 19 аскердик кеме чөктүрүлүп, 200 аскердик учак жок кылынды, 2 400 киши каза болду. АКШ Япония жана Германияга согуш жарыялап Экинчи Дүйнөлүк согушуна катышты.
*** 1956 - жылы 7 - декабрь күнү түрк адабиятынын белгилүү романдарынан «Боз торгойдун» жазуучусу Нешат Нури Гүнтекин 67 жашында каза болду.
*** 1973 - жылы 7 - декабрда Ислам Өнүгүү Банкы Ислам Конференциясы Уюмуна мүчө 7 өлкө тарабынан курулду. Борбору Жидда болгон банк артта калган ислам өлкөлөрүнө финансылык жардам берүүнү максат кылууда.
*** 1983 - жылы 7 - декабрда болсо Мадрид аэропортунда эки жүргүнчү учак аянтта кагылышып; 93 киши набыт болду.
*** 1988 – жылы 7 - декабрь күнү Арменияда 7, 1 баллдык жер титирөө болуп, 25 миңден ашуун киши каза болду жана 150 миң киши жараланып, 400 миң киши үйсүз калды.
*** 2017 - жылы 7 - декабрда болсо «Айла» киносуна тема болгон Корея согушунун ардагери Сүлейман Дилбирлиги Стамбулда каза болду.
*** 2017 - жылы 7 - декабрь күнү 65 жылдык убакыттан кийин Түркиядан президенттик деңгээлде Грецияга биринчи расмий сапар менен президент Р. Т. Эрдоган барды.