Мете Газоз Европа чемпиону болду

Германиянын Эссен шаарында өткөрүлгөн чемпионатта Мете Газоз финалда словениялык атаандашы менен беттешти.

2138528
Мете Газоз Европа чемпиону болду

Ачык асман алдында Жаа атуу боюнча Европа чемпионатында классикалык жаа атуу боюнча эркектер финалында Мете Газоз словениялык Ден Хабжан Малавашичти жеңип алтын медалга ээ болду.

Германиянын Эссен шаарында өткөрүлгөн чемпионатта Мете Газоз финалда словениялык атаандашы менен беттешти.

Атаандашы менен абдан мыкты беттеш өткөргөн Мете Ден Хабжан Малавашичти 6-0 эсебинде жеңип, Европа чемпиону болду.

2020-жылы Олимпиада чемпиондугун, 2023-жылы дүйнө чемпиондугун алган улуттук спортчу карьерасында биринчи жолу Европа чемпиону болууга жетишти.



Тектеш кабарлар