Эрдогандан Эргин Атаманга куттуктоо

Эрдоган 26-апрелде да Эргин Атаманга телефон чалып колдоосун билдирген.

2137598
Эрдогандан Эргин Атаманга куттуктоо

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Панатинаикос баскетбол командасын Түрк аба жолдору (THY) Европа Лигасында финалдык төрттүккө алып чыккан түрк башкы машыктыруучусу Эргин Атаманды куттуктады.

THY EuroLeague Play-Off сериясынын 5-матчында Эргин Атаман машыктырган Панатинакос Израилдин өкүлү Маккаби Плейтика Тель-Авивди 81-72 эсебинде жеңип, серияны 3-2ге жеткирди.

Ушундайча Панатинаикос 12 жылдан кийин THY Европа Лигасынын Төрттүк финалына атын жаздырган болду.

Төрттүк финалда 6-жолу 3 башка команда менен бирге күрөшө турган Эргин Атаманды президент Эрдоган да телефон чалып куттуктады.

Эрдоган 26-апрелде да Маккаби Тель-Авив сериясынын экинчи матчынан кийин Израиль командасынын жетекчиси тарабынан коркутууга кабылган Эргин Атаманга телефон чалып колдоосун билдирген.



Тектеш кабарлар