УЕФА Чемпиондор Лигасы...
Чемпиондор Лигасындагы оюндар уланууда.
2136179
УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалисттери аныкталууда...
Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук оюнунда бүгүн Германиянын Боруссия Дортмунд командасы атаандаштын талаасында Франциянын өкүлү Пари Сен-Жермен менен беттешет.
Боруссия Дортмунд өз талаасындагы биринчи оюнда 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.
Чемпионат тарыхында 14 кубок менен эң ийгиликтүү команда абалындагы Испаниянын өкүлү Реал Мадрид болсо эртең турнирде 6 чемпиондугу бар Германиянын Бавария Мюнхен командасын кабыл алат.
Жарым финалдын биринчи оюнунда "Бавария" өз талаасында "Реал Мадрид" менен 2:2 эсебинде тең чыккан.
Эки беттеш тең Түркия убактысы боюнча саат 22.00дө башталат.