Фенербахче үмүтүн Коньяда калтырды...

Фенербахче Трендйол Супер лигасынын 35-жумасында атаандаш талаасында Коньяспор менен голсуз тең чыкты.

2136416
Фенербахче үмүтүн Коньяда калтырды...

Фенербахче үмүтүн Коньяда калтырды...

Фенербахче Трендйол Супер лигасынын 35-жумасында атаандаш талаасында Коньяспор менен голсуз тең чыкты.

Ошентип сары-көк түстөгү команда лидер Галатасарайдан 6 упай артта калып, чемпиондук мүмкүнчүлүктөрүн өтө кыйын абалга түшүрдү.

Коньяспор Конья Метрополитен стадионунда Фенербахчени кабыл алды.

Беттештин акыркы мүнөттөрүндө VAR эскертүүсүнөн кийин Коньяспордун голу офсайддан улам жокко чыгарылды.

Бул жыйынтыктан кийин 90 упайга ээ Фенербахче менен Галатасарайдын ортосундагы упай айырмасы 6га жетти.

Коньяспор упайларын 37ге жеткирип, лигада калуу үчүн кыйын беттешүүдөн упай алып чыкты.



Тектеш кабарлар