Бешикташ жуманын жабылыш беттешинде моралдык маанай тапты...

Акыркы мезгилде кыйын күндөрдү башынан өткөрүп жаткан Бешикташ, Трендйол Супер лигасынын 10-жумасында Газиантеп ФКны 2-0 эсебинде жеңип, жуманы көңүлү көтөрүңкү жапты.

2058098

Галатасарай менен Бодо/Глимттен жеңилүүсүнөн кийин кара-ак түстүү команда Газиантеп ФК менен беттешүүнү кара-ак күйөрмандардын катуу каршылыктары астында баштап, биринчи тайм 0-0 менен аяктаган беттеште 63-мүнөттө Салих Учан жана 75-мүнөттө Женк Тосундун голдору менен 3 упайга ээ болуп, моралдык маанайга ээ болду.

Бешикташтын тажрыйбалуу футболчусу Рачид Геззал алган жаракатынан кийин беттешти жыйынтыктай алган жок.

Беттештин 21-мүнөтүндө жерге кулап түшкөн ак-кара түстөгү оюнчу талаада дарыгерлердин кийлигишүүсү менен оюндан четтетилди.

Геззалдын ордуна оюнга 18 жаштагы өспүрүм оюнчу Якуп Арда Кылыч кошулду.

Бул беттеш Якуп Арданын профессионалдык карьерасынын башталышы катары да жазылды.

Тектеш кабарлар