Күрөш чемпионатында тарыхый ийгилик...

Албанияда 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

2057659
Күрөш чемпионатында тарыхый ийгилик...

23 жашка чейинки грек-рим курама командасынын тарыхый ийгилиги...

Түркиялык балбандар тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпиондукка жетишти.

Албанияда 23 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү.

Борбор шаар Тиранада уюштурулган иш-чара грек-рим стилиндеги мелдештер менен жыйынтыкталды.

Акыркы күнү медаль үчүн мелдешке түркиялык 2 спортчу чыкты.

Мухаммет Хамза Бакир 130 килограммда украиналык атаандашын 5-3 эсебинде жеңип алтын медалга ээ болду.

55 килограмм салмакта Адем Бурак Узун болсо армениялык спортчуну техникалык артыкчылык менен жеңип, подиумдун үчүнчү тепкичине көтөрүлдү.

Улуттук курама грек-рим стилиндеги мелдешти 1 алтын, 3 күмүш жана 2 коло 6 медаль менен жыйынтыктады.

Ушундайча ай-жылдыздуу команда тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпиондукка жетишти.



Тектеш кабарлар